Аймактык жаңылыктар

Ош шаар тургундары “Ош-Тазалык” ишканасына 12 млн. сом карыз image Фото: KTRK/videograp

23 Окт, 2019 205

Ош шаарынын тургундары “Ош-Тазалык” ишканасына 12 млн. сомдон ашык акча карыз. Карызын бербегендердин арасында көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочулары жана айрым ишканалар да бар. Эң аз дегени 3 жылдан бери карызын төлөбөй жүрүшсө, эң узагы 5-6 жыл.  “Ош-Тазалык” ишканасынын кызматкерлеринин айтымдарында, жашоочулар кечки саат 6дан өткөндө таштандыларын туш-тарапка ыргытып салышат. Мындай көрүнүштөрдү алдын  алуу үчүн кечки рейд уюштурулуп, жалпысынан 20 обьект текшерилди. 

Таштандыга карызын төлөбөгөндөр үчүн атайын рейд дагы уюштурулду. Эң алгач шаардагы “Грамотей” мектебинен башталды. Алар “Ош-Тазалык” ишканасы менен такыр келишим түзүшкөн эмес. Анын себебин эч ким билбейт. Мектептин өкүлү окуучулар таштанды кагаздарды үйлөрүнө алып кетишээрин, сыртка таштабай тургандыктарын айтып ишендиргенге аракет кылды.

Бирок мектеп өкүлүнүн айткандары туура эмес чыгып, билим уясынын жанынан балдардын аты-жөнү жазылган жараксыз дептерлер менен эскирген окуу каражаттары табылды. Рейд учурунда айрым жеке турак жай ээлери эшиктерин ачпай, кутулушту. Текшерүүчүлөр эсеп дүмүрчөктөрүн таштап кеткенден башка аргабыз жок дешет. Мындай көрүнүш кадимки адатка айланган дейт контролер Сапарали Карабашев.

Шарт боюнча Ош шаарында көп кабаттуу үйлөрдө жашаган жарандардын ар биринен айына 25 сомдон таштандыга алынат. Акча төлөөдөн качып, айрымдар жашаган адамдардын санын азайтып каттатып коюшат. Манас-Ата аймактык кеңешинин контролеру Дилфуза Омурбекова эсеп дүмүрчөктөрдү алып барып берип, карызды доолаган учурда абоненттердин айрымдары кол көтөргөнгө чейин баруудан тартышпайт дейт. Карызын төлөбөгөн абоненттерди “Тазалык” ишканасы сотко бергенге укуктуу. Бирок ал токтом ишке ашпай жатат дейт ишкананын өкүлү Өмүрбек Каимов.

Мындай текшерүү рейддери мындан ары да байма-бай өткөрүлүп турат. Таштанды демекчи, Ош шаарындагы таштанды талаасын айтпай кетүүгө болбойт. Ага жакын жашаган тургундар 2012-жылдан бери жылдырып берүү талаптарын айтып келишет. Анткени, күн ысыган убактарда жаман жыт менен чымын-чиркейлерден жадап бүтүшкөн. Бирок жылдыралы десе, Ош шаарынын аймагынан ыңгайлуу талаа табылган эмес. Облустагы Кара-Суу же Ноокат райондорунун жетекчилери менен сүйлөшүүлөр жүргөнү менен натыйжа чыкпай келет. Эгер бул эки райондун бири эле макулдук берип, жер бөлүнсө, жаңы таштанды талаасы ачылып, ишин баштамак. Ага Европа өнүктүрүү банкынан 5 млн. евро да бөлгөнү кабарланган. Андагы долбоордо көрсөтүлгөндөй, жаңы полигон үчүн 30 гектар жер керек жана эң негизгиси шаардан 15 чакырым алыстыкта болушу шарт.

Асанбек Пазыл, "Биринчи радио"

Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз