Укук коргоо

КР кредиторлордун укуктарын коргоо жагынан алдыңкы 5 өлкөнүн катарына кирди image

11 Май, 2016 571

“Глобалдык атаандаштыкка жөндөмдүк” Бүт дүйнөлүк экономикалык форумдун  рейтингине ылайык, Кыргызстан заемщиктер менен кредиторлордун укуктарын мыйзамдык коргоо жагынан алдыңкы беш өлкө катарына кирди. Бул туурасында   Мамлекет башчынын банк кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктоосунда белгиленет. Адистер болсо Кыргызстанда банк системасы бир калыпка түшүп калгандыгын, ал эми  карызкерлер алган каражатын максаттуу пайдаланбай койгон учурлар бар деп белгилеп, аны финансылык сабатсыздык менен байланыштырышууда.

Кыргызстанда 25 коммерциялык банк,112 микро кредиттик компаниялар, 65 микрокредиттик агенство, 155 кредиттик союуздар бар. Булардын бардыгы борбордук банктын  лицензиясына ээ жана кардарларына кредит берүүгө кудиреттүү. Кыргызстандагы банктар бирлигинин төрагасы Анвар Абдраевдин белгилөөсүндө  коммерциялык банктар КР мыйзамдарына ылайык иш алып барат. Ошол эле учурда кардарларынын жагдайына терең анализ жүргүзүп келет. Алсак 2010- жылдагы окуядан кийин банк системасы карызгерлердин 2 миллиард сомун кечип жиберген.

Адистердин белгилөөсүндө кыргызстандыктар  насыяны негизинен, айыл чарбасына, кайра иштетүүгө жана турмуштук муктаждыкка көп алат. Бирок максаттуу пайдаланбай калган учрлар да катталып жатканын белгилешет адистер.

Н. Молдокулова, “Биринчи радио”

Элдик Репортер КТРК : кызыктуу фото же видеолоруңуз болсо бизге жөнөтүңүз!

WhatsApp +996551748118

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз