Укук коргоо

Эми арыздарды милициянын бардык бөлүмдөрү кабыл ала баштайт image

11 Май, 2016 2039

Мындан ары кылмыш, тартип бузуулар кайсыл аймактарда болгонуна карабай, арыз-даттанууларды милициянын бардык бөлүмдөрү кабыл ала баштайт. Бул багытта “Жазык-процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамга президент Алмазбек Атамбаев кол койду. Ага ылайык арыздарды кабыл алып, каттоонун, кароонун  бирдиктүү тартиби түзүлүүдө. Мыйзам долбоорду демилге кылган Ички иштер министрлиги жаңы өзгөрүүлөрдүн жардамы менен жарандардын кайрылуулары кандай канааттандырылып жатканын билүүгө кеңири мүмкүнчүлүк түзүлөөрүн белгилейт.

Эми милиция бөлүмдөрү өздөрү көзөмөл кылган аймакта болгон окуяларга байланыштуу гана арыз-даттанууларды кабыл алуу менен чектелбейт. Күч түзумдөрүн башкарган мурдагы вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиев жаңы өзгөрүү өзгөчө мааниге ээ экенин белгилейт.

Ал эми укук таануучу Борон Жаанбаев милициянын өзү көзөмөлдөгөн аймактан сырткары болгон кылмыш тууралуу арыздарды кабыл алуусу терс көрүнүштөргө жол берип коюшу мүмкүн деп кооптонот. Тартип сакчылары кайрылууларды кабыл алып, алгачкы иш-чараларды жүргүзөөрү менен ишти тийиштүү аймактык милицияга өткөрүп бериши керек деген пикирде.

Кодекске өзгөртүү киргизүү демилгеси Ички иштер министрлигине таандык. Мекеменин басма сөз катчысы Бакыт Сейитов арызды кабыл алган милиция алгачкы иш-чараларды жүргүзүү менен, тиешелүү бөлүмгө жөнөтөөрүн айтат. Жаңы эреженин кошумча механизмдери иштелип жатканын айтат. Бирдиктүү база жарандардын кайрылууларына байланыштуу кабыл алынган чечимдердин сапатын көзөмөлдөөгө да мүмкүнчүлүк түзүлөт деген ишенимде.

Долбоорду министрлик жыл башында сунуштап, Жогорку Кеңеш аны 6-апрелде кабыл алган. Эми президент тарабынан кол коюлуп бекемделген мыйзам 10 күндөн кийин күчүнө кирет.

Калыгул Асамбаев, “Биринчи радио”

Элдик Репортер КТРК : кызыктуу фото же видеолоруңуз болсо бизге жөнөтүңүз!

WhatsApp +996551748118

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз