Экономика

"Альфа Телеком" 100 пайыз акция пакетин сатуу боюнча аукцион болбой калды image

11 Май, 2016 771

MegaСom бренди менен таанымал болгон "Альфа Телеком" жабык акцонердик коомунун 100 пайыз акция пакетин сатуу боюнча аукцион болбой калды. Бул тууралуу Жогорку кеңештин депутаты, компания менчиктештирүү боюнча комиссиянын мүчөсү Сайдулла Нышанов билдиргенин Sputnik Кыргызстан агенттиги жазып чыкты.

MegaСom компаниясы сатыкка февраль айында коюлган. Өкмөт мындай чечимин компанияны мындан ары өнүктүрүүгө чама-чаркы келбей турганы менен түшүндүргөн. Аукцион 4-майга белгиленип, эс алуу күндөргө туш келгендиктен 11-майга которулган. Мындан улам арыздарды кабыл алуу бүгүн саат 10.00дө аяктап, эртең жыйынтыгы чыкмак.

Бир да арыз келип түшкөн эмес. Мындан улам аукцион болбой калды.

Элдик Репортер КТРК : кызыктуу фото же видеолоруңуз болсо бизге жөнөтүңүз!

WhatsApp +996551748118

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз