Экономика

Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду чакан жана орто бизнеске 5%дык насыя берип баштайт image

11 Май, 2016 394

Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду чакан жана орто бизнеске 5%дык насыя берип баштайт. Фонд кредит алууга талаптарды жумшартып, насыянын көлөмүн 1 миллион долларга чейин жеткирүүнү көздөп жатат. Андан тышкары, кредит берчү банктар дагы көбөйтүлөт.

Соода-өнөр жай палатасы менен жолугушууда Фонддун башкармалыгынын төрагасы Кубанычбек Кулматов программага 9-10 коммерциялык банк катышаарын айтты. Анын белгилешинче, пайыздык чендин төмөндөшү өлкөдө бизнестин активдүүлүгүн жогорулатууга кошумча түрткү болуп бере алат.

Өнөр жай палатасы билдиргендей, анын мүчөлөрүнүн 90% — чакан жана орто бизнес өкүлдөрү. Фонд менен кызматташтыкты бекемдөө үчүн жакын арада меморандумга кол коюлмакчы.

Элдик Репортер КТРК : кызыктуу фото же видеолоруңуз болсо бизге жөнөтүңүз!

WhatsApp +996551748118

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз