2030-жылы Кыргызстандын 7 миллионунчу жараны төрөлөт. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин калкты каттоо бөлүмүнүн башчысы Рима Чыныбаева комитеттеги иш-чара учурунда билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстанда калктын саны көбөйүп жатат.
«2015-жылы 25-ноябрда Кыргызстандын алты миллионунчу жараны төрөлгөн. Ал беш миллионунчу жаран төрөлгөнүнө 13 жыл болгондо жарыкка келди. Эгер калктын көбөйүү тенденциясы сакталса, анда 15 жылдан кийин Кыргызстандын жетинчи миллионунчу жараны төрөлөт», - деди ал.