КТРК жаңылыктары

КТРКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин ыраазычылыгына ээ болушту image Фото: КТРК

1 Нояб, 2019 358

Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын кызматкерлери Жогорку Кеңештин атынан ыраазычылыкка ээ болушту. Парламенттин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети Маданият кызматкерлеринин күнүнө карата КТРКнын 5 кызматкерин сыйлады. 

Анын ичинде журналисттер, режиссерлор жана кадр артында иштеп, элге маалымат жеткирүүгө салымын кошуп жаткан адамдардын эмгеги эске алынды. 

Жогорку Кеңештин депутаты Евгения Строкова белгилегендей, КТРКнын коомчулукка маалымат жеткирүүдө жана дүйнө таанымын кеңейтүүгө кошкон салымы зор.




Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз