Коргонуу жана коопсуздук

Өлкөдө 30га жакын курал-жарак саткан дүкөндөр бар image

12 Май, 2016 2178

Өлкө боюнча учурда 30га жакын курал-жарак саткан дүкөндөр бар. Аларды жабууга эч кандай мыйзам жок болууда. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди. А түгүл Бишкек шаарындагы № 64 мектептин имаратында турган «Эделвейс» курал-жарак сатуу дүкөнү 10 жылдан ашуун мезгилден бери иштеп, жарандарга кооптуу абалды жаратып келет. Ал эми акыркы кезде өлкөдө ок атуучу куралдан каза тапкандардын саны өсүп жатат дейт адистер.

Үстүбүздөгү февраль айында Жумгал районунун Баш-Кууганды айлында орто мектептин окуучулары аңчылыкмылтыгы менен ойноп жатып бирин-бири атып алган. Ок жеген өспүрүм бала ооруканага жетпей коз жумган. Андан көп өтпөй Оштун Кара Кулжа районунда да башталгыч класстын окуучусу курбусун ойноп жатып мылтык менен бутка атып жарадар кылган. “Оюундан от чыгат” демекчи, үйүндө сакталып турган куралдан каза тапкандардын саны өсүүдө.

“Ал эми өлкө боюнча учурда 30га жакын курал-жарак саткан дүкөндөр кадимки тартипте иштеп жатат. Аларды жабууга эч кандай мыйзам жок болууда” – дейт Ички иштер министрлигин басма сөз катчысы Бакыт Сейитов. А түгүл Борбордогу № 64 мектептин имаратында турган «Эделвейс» курал-жарак сатуу дүкөнү 10 жылдан ашуун мезгилден бери иштеп, жарандарга курал сатып келет. Окуучуларга кооптуу абал жаралат деген кине менен жабууга аракет болгону менен андан эч майнап чыкпай келет. 

Жарандар кандай шартта курал алып жүрө алат? Мыйзам боюнча Ички иштер министрлигинен текшерүүдөн өтүп, үйүндө курал сактоого шарты бар, ден соолугу сак жаран гана ала алат жана ар дайым күч органдарынын көзөмөлүндө болот – деп билдирет Бакыт Сейитов.

Ал эми жаран куралды мыйзамсыз сактап жүргөн учурда кандай жаза колдонулат? Ички иштер министрлигинин маалыматына таянсак, мыйзамда өлкө жарандары мыйзамсыз курал-жарак сактаганга жана имараттарда сактап, көтөрүп жүрүүсүнө тыяуу салынат. Мындай учур катталса кылмыш иши козголуп, мыйзамсыз курал сатуу, өткөрүү, сактоо, курал-жарактарды өткөрүү жана алып жүрүү, жарылуучу заттарды колдонууга карата кылмыш жаза кодексинин 241-берене боюнча кылмыш иши козголот.

Ал эми Милициянын отсавкадагы полковниги Жолдошбек Бузурманкулов өзгөчө аймактарда жашаган жарандарда эч документи жок сакталган курал-жарак көп. Ички иштер министрлиги текшерүүлөрдү өткөрүп же түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен куралдарды чогултуусу зарыл экендигин айтат.

Өлкөдө курал сатуу жана алып жүрүү боюнча коомчулукта ар түрдүү пикирлер айтылып келет. Маселен Ички  иштер  министрлигинин  маалыматы боюнча калктын  колунда  8минге  чукул   травматикалык   курал-жарак  бар. Мындан улам, жарандар травматикалык же мергенчилик куралдарды сатып алгандан кийин анынжоопкерчилигин күчөтүү зарыл.

Элдин колуна курал-жарак кайдан келген? Совет бийлигинин убагында малды карышкырдан коргоо үчүн  чабандарга ок атуучу курал таратылган. Кийин ал куралдар менчикке чыгып кеткен. Ошондой эле курал-жарак аткезчилик жол менен коңшу мамлекеттерден кирет жана уюшкан кылмышкерлер тобу тарабынан жашыруун базарларда курал-жарактар сатылат.

С. Идирисов, “Биринчи радио”

Элдик Репортер КТРК : кызыктуу фото же видеолоруңуз болсо бизге жөнөтүңүз!

WhatsApp +996551748118

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз