Коом

Ош: Арек айылында балдар бакчасынын курулушу башталды image

11 Нояб, 2019 181

Ош шаарынын Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын Арек айылында жаңы балдар бакчасынын курулушу башталды. 120 орундуу мектепке чейинки мекеме жергиликтүү бюджеттен каржыланат. Бул үчүн 23 млн сом бөлүнгөн. 

Азыркы тапта Ош шаарында 3 бала бакчанын курулууда. Мектеп жашына чейинки курактагы балдардын бакча менен камсыздалуусу аталган калаада 45 пайызды түзөт. Шаарда 41 муниципалдык, 25 жеке бала бакча иштейт. 16 миңден ашуун тарбиялануучу бар.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз