Кылмыш

Мыйзамсыз бөйрөк алмаштырган дарыгер кармалды image

21 Нояб, 2019 556

Казакстан ИИМи Чымкент шаардык №1 клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери Абылай Донбайдын кармалганын жарыялады.

Мекеменин билдиришинче, ал иштеген ооруканада акчага муктаж Өзбекстан, Кыргызстан жана Украина жарандарынын бөйрөгү башка бейтаптарга, негизинен Израиль жарандарына мыйзамсыз түрдө салынып келген.

Операциялар 2017-2018-жылдары жасалган. ИИМ бул схеманын уюштуруучулары чет мамлекеттердин жарандары экенин билдирди.

Донбай Абылай Кылмыш Кодексинин “Трансулуттук кылмыштуу топтун ишине катышуу”, “Кишинин органдарын мыйзамсыз алуу” беренелери боюнча айыпталууда. Буга чейин дагы бир казакстандык трансплантолог Гани Куттымуратов жана кыргызстандык Тайсалова Б.Т аттуу жаран кармалганы кабарланган. Казакстан ИИМи аны “кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн бири” деп атоодо.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз