Коргонуу жана коопсуздук

Өлкө аймагы боюнча кар жаап, жолдор тайгак болот image Фото: KTRK/videograp

25 Нояб, 2019 774

Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы күндөргө аба ырайынын божомолун таратты. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышып, жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетет. 24-ноябрда Чүй, Таласта жана өлкөнүн түштүк аймагында жаан, кар жаашы күтүлүүдө. 

25-ноябрь күнү түнкүсүн өлкө боюнча кар жаайт. Ал эми күндүз Чүй, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы мүмкүн. 26-ноябрда түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаайт. Дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү мүмкүн. 27-28-ноябрь күндөрү жаан-чачынсыз болот.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз