Кылмыш

УКМК Айэркен Саймаитинин өлтүрүлүшү боюнча иликтеп жатат image

26 Нояб, 2019 470
www

Туркияда 11-ноябрда кытайлык ишкер Айэркен Саймаитинин өлтүрүлүшү боюнча журналисттик иликтөөдө айтылган маалыматтарды Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет иликтөөгө алмай болду.Пресса өкүлдөрүнүн иликтөөсүндөгү ар бир маалыматка УКМК жетектөөсүндө түзүлгөн ведомстволор аралык комиссия өз баасын берет.Бирок буга чейинки алдын ала текшерүүгө ылайык,өлкөдөн 700 млн доллардын чыгарылып кеткени боюнча маалыматтар тастыкталды.Ал эми ишкердин өмүрүнө кол салган жерден Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулдугунун автоунаасы тургандыгын текшерген топ Түркиядан кайтып келип,жыйынтыгы жакынкы күндөрү мамлекет башчыга билдирилет.

Kененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз