Коом

“Учкун” кичи районуна жана жаңы конушуна жаратылыш газы берилди image Фото: KTRK/videograp

4 Дек, 2019 411

Бишкек шаарынын Свердлов районунудагы “Учкун” кичи районуна жана жаңы конушуна жаратылыш газы берилди. Натыйжада аталган конуштагы 1085 түтүн үйдүн тургундары экологиялык таза көгүлтүр от колдонуу мүмкүнчүлүгүн алышты. Конушту жаратылыш отуну менен камсыз кылуу үчүн газды көзөмөлдөөчү жаңы пункт  ишке кирди. Жалпы узундугу он төрт чакырымды түзгөн газ өткөргүчтөр курулду.

Бишкек шаарынын “Учкун” жаңы конушунун негизделгенине жыйырма жылдын жүзү болгон. Бул мезгил аралыгында конушка жаңыдан түтүн булатып жашап калган Ырысбүбү Ибраева азыр жети баланы тарбиялдап өстүргөн Баатыр Эне. Узак жылдардан берки тилектери кыш мезгилинде ишке ашып, үйлөрүн жаратылыш отуну менен жылытып калганына кубанганын жашырган жок.

Бишкек шаарындагы Свердлов районунун аймагында он төрт жаңы конуш жайгашкан. Азыркы кезге чейин беш конушка жаратылыш газы киргизилди. Эми алдыда калган конуштардашты газдаштыруу аракети көрүлүп жатканын райондун акими Мурат Осмонов кабарлады.

2018-жылдын жыйынтыгы менен “Газпром Кыргызстан” компаниясы тарабынан  жалпы узундугу 700 чакырымды тузгөн газ өткөргүчтөр курулду. Кырк миндей турак жайды камтыган 200 миндей жашоочу газга кошулуу мүмкүнчүлүгүн алды. Көгүлтүр от өлкөнүн 27 калктуу конушуна берилгенин аталган компаниянын башкы директору Болот Абилдаев билдирди.

Бүгүнкү күндө өлкөнүн газга болгон муктаждыгы 30 пайызга орундалды. “Газпром Кыргызстан” компаниясынын стратегиялык тапшырмасы болуп, республиканы газдаштырууну 2030-жылга чейин 60 пайызга жеткирүүгө багытталган.


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз