Ден соолук

Азык-түлүк коопсуздугу маселеси Непалда талкууланды image

9 Дек, 2019 1229

Дүйнө коомчулугун тынчсыздандырган азык-түлүк коопсуздугу маселеси Непалдын борбор шаары Катмандуда талкууланды. Ага Кыргызстандан Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев баштаган делегация катышып келди. Иш-чарага дүйнөнүн 73 өлкөсүнөн өкмөттүк жана бизнес-секторунун өкүлдөрү катышып, тармактагы көйгөйлөр боюнча пикир алмашышты. 

Глобалдык конференциянын уюштуруучулары мамлекеттик программа элдин сапаттуу тамак-аш азыктарын колдонуусуна шарт түзүп бере турганын айтышты. Белгилей кетсек, азык-түлүк коопсуздугу боюнча 2019-2023-жылдарга карата приоритеттүү багыт катары атамекендик өндүрүүчүлөргө түрткү берүү, сырткы соода-сатыкта айыл чарба товарларына мониторинг жүргүзүү экендиги айтылган.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз