Спорт

Көркөм гимнастика боюнча өлкө чемпионаты өттү image

9 Дек, 2019 1536

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын 2019-жылга болгон негизги эл аралык жана республикалык мелдештердин календарлык планына ылайык 7-декабрдан 8-декабрга чейин Бишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда “Тамекисиз спорт” урааны алдында көркөм гимнастика боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионаты болуп өттү. Бул тууралуу  Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.

Чемпионат Кыргыз Республикасынын Баатыры Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына дагы арналган.

Мелдештин ачылыш аземине КР вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова, КР көркөм гимнастика федерациясынын президенти Чолпон Султанбекова, Турдакун Усубалиевдин небереси Эркин Усубалиев жана башка коноктор, спортчулар, күйөрмандар катышты.

Чемпионаттын катышуучулары жаш курагы боюнча үч категорияда таймаш жүргүздү:

2008 жана 2009 - жылы туулган спортчулар;
2005, 2006 жана 2007 - жылы туулган спортчулар;
2004 - жылы туулган жана андан улуу спортчулар.

Спортчулар скакалка, топ, булава жана алкак сыяктуу дисциплиналарда жарышты.

Жеңүүчүлөр чогултулган упайлардын көптүгүнө жараша ар бир жаш куракта өзүнчө аныкталды.
Мелдеш өлкөнүн көркөм гимнастика федерациясы менен Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан өткөрүлдү. Дирекциянын бюджетинен 28 миң сом каралган.

Мелдештин жеңүүчүлөрү менен байгелүү орун ээлери:

2008 жана 2009 - жылы туулган спортчулар:
1орун – Сапаева Карина
2 орун – Кулмамбетова Самира
3 орун – Бадыкеева Асема

2005, 2006 жана 2007 - жылы туулган спортчулар
1 орун – Сатыкеева Тинатин
2 орун – Козубаева Альбина

3 орун – Эсенбекова Аделина
2004 - жылы туулган жана андан улуу спортчулар
1 орун – Изабекова Айша
2 орун – Быковская Агата
3 орун – Табылганбекова Сабина.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз