Экономика

Ипотекага үй алууну каалагандарга жеңилдетилген шарттар түзүлдү image

23 Дек, 2019 1593

Ипотекага үй алууну каалаган жарандар жеңилдетилген жана арзандатылган эки багытта үй ала алышат. Аталган 2 багыт өкмөттүн “Арзан турак жай 2015 -2020” Программасынын алкагында ишке ашууда. 

Мамлекеттик ипотекалык компания иштеп баштагандан бери 16 миңден ашык адам үй менен камсыз болгон. Дагы 4 миңден ашыкадам ипотекалык насыя алуу үчүн кезекте турат. Ал эми Бишкек менен Нарын шаарында курулуп бүткөн көп кабаттуу эки турак үй пайдаланууга берилгени турат. 

Раткан Асанова, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз