Коом

Өлкөдө жаратылыш газын колдонгондор арбыды image

23 Дек, 2019 501

Кыргызстандын отуз пайыз калкы жаратылыш газын колдонот. Бул беш жыл аралыгында иш жүзүнө ашкан аракеттердин акыбети. 2030-жылга чейин “Газпром Кыргызстан” компаниясы көгүлтүр от менен камсыз кылуу программасынын негизинде калктын 60 пайызын камтуу аракетин көрүп келет. 

Газдаштыруу программасынын алкагында Ташкент-Бишкек-Алматы ири магистралга узундугу 113 чакырымды түзгөн газ түтүгү тартылган. Сокулук району менен Бишкек шаарына газ бөлүштүрүү станциясы курулуп, Чүй, Ош облустарында жалпысынан 700 чакырым газ түтүктөрү тартылды. 

Кадыр Калилов, "Биринчи радио"

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз