Интернет жана технологиялар

Энергетика тармагына бирдиктүү чалуу системасы киргизилди image

25 Дек, 2019 586

Кыргызстандын санарип жаатындагы дагы бир жаңылануу. Энергетика тармагында бирдиктүү чалуу борборун түзгөн “Биллинг” системасы киргизилди. Анын жардамы менен жарандар зарыл болгон суроолоруна телефон, whatsapp же мessenger  сыяктуу социалдык тармактар аркылуу жооп ала алат. 

Мындан тышкары аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында энергетика системасында бир катар алгылыктуу иштер аткарылып, алдыда дагы бир нече олуттуу долбоорлорду ишке ашыруу пландалган. Эксперттик коомчулук быйыл энергетика тармагына өзгөчө көңүл бөлүнгөнүн белгилеп, Токтогул ГЭСин реабилитациялоо долбоорунун 1-фазасынын жыйынтыкталышын чоң жетишкендик катары баалашат. 

Рахат Кыдыртоктоева, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз