Коргонуу жана коопсуздук

Кайгуул милициясынын түзүлгөнүнө бир айдан ашты image

18 Май, 2016 655

Кайгуул милиция башкармалыгы түзүлгөнүнө бир жарым айдын жүзү болду.  Бул мезгил аралдыгында  башкармалык курамындагы 15тен ашык тартип сакчылары кызматтарынан  четтетилди.  Алардын кызматына болгон көзөмөл күчөтүлгөнүн ички иштер министрлигинен билдиришти.

Кайгуул милиция мурункусундай эле бак-дарактардын далдасына жашынып алып жол тоскон көрүнүштөр кездешип жатканын айдоочу Канат ачыктады. Бирок жөнү жок токтоткон мисалдар азайганын кошумчалады.

Ички иштер министри Мелис Турганбаевдин айтымында кайгуул милиция арасында жемкорлукка катуу бөгөт коюлду. Талап да ошончолук күчөтүлдү. Мындан улам өз каалоосу менен кызматтан кетип жаткандар кездешип жатканын белгиледи.                   Жаңыдан иштеп жаткан кайгуул милициясынын дарегнине көптөгөн дооматтар айтылып жатканын кайгуул милиция башкармалыгынын өкүлү Тилек Оторов ырастады. Алардын кызматындагы кетирген кемчиликтери тууралу жалпыга маалымдоо каражатарында материалдар орун алууда. Алардын баары эске алынып, андай кызматкерлерин тиешелүү жазасын алып жатканын маалымдады.    

Ошентип кайгуул мимлициясы мындан ары таза жана ачык кызмат өтөйт. Алардын жүргүзгөн ишине атайын кызмат көзөмөл жүргүзөт. Эки-үч айдын аралыгында аталган кызматтын жүзу коомчулукка ачык көрүнөт дейт министр.


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз