Кылмыш

Күйөөсүнүн колунан ажал тапкан келиндин окуясы боюнча тергөө жүрүүдө image Фото: www

9 Янв, 2020 520

Нарындын Кочкор районунун Жаңы-Жол айылында күйөөсүнүн ур-токмогунан каза болгон келиндин окуясы боюнча тергөө иштери жүрүүдө. Бул туурасында облустук ички иштер башкармалыгы билдирди. Маалым болгондой жубайлардын ортосунда акча тууралуу пикир келишпестик пайда болуп, уруш чыккан. Ал учурда кылмышка шектүү мас абалында болгон. Анын айтуусунда ачуусу менен келинди эки жолу жаакка чаап, бир жолу кежигесине тепкен. Аялы ошол жерден эсин жоготуп, өзүнө келбей, көз жумган. Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат. Жубайлардын 2 баласы болгон.

“2019-жылдын 31-декабрдан 1-январга караган түнү райондук ички иштер бөлүмүнө билдирүү келип түшкөн. Кезмет тобу барган учурда аялдын жансыз денеси табылып, ошол эле замат анын күйөөсү шектүү катары кармалган”,- деди Нарын ОИИБдин маалымат катчысы Кундуз Эсенгулова. 

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз