Ден соолук

Кыргызстанда коронавируска каршы дары каражаттары бар image

30 Янв, 2020 524

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын аймагына коронавирустун киришине жана жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штабдын жыйынын өткөрдү.

Кеңешменин жүрүшүндө  саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев  “бүгүнкү күндө коронавирус такталган учурлар жок. Эпидемиологиялык кырдаал туруктуу”- деп билдирди.

Өлкөдө жеке коргонуучу каражаттардын зарыл болгон камы жана вируска каршы дары каражаттары бар экенин жыйындын жүрүшүндө белгилүү болду.

Ошондой эле салматтыкты сактоо министрлиги ыкчам жыйын уюштуруп- фармацевтикалык компанияларды медициналык беткаптардын жана вируска каршы дарылардын баасын көтөрбөөгө чакырды.

Назира Молдокулова, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз