Коргонуу жана коопсуздук

ӨКМ: Тоолуу райондорго кар көчкү түшүү коркунучу бар image Фото: KTRK/videograp

30 Янв, 2020 1215

30-31-январь күндөрү жаан-чачын болушу ыктымал. Буга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу сакталат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. 

Маалыматка караганда, Бишкек - Ош унаа жолунун Төө-Ашуу, Ала-Бел ашууларында, Чычкан капчыгайында кар көчкү түшүү коркунучу бар. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Буга байланыштуу узак жолго чыккандар унаасына керектүү шаймандарды алып, жолдо жүрүү эрежелерин так сактоо зарылдыгын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эскертет.


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз