Интернет жана технологиялар

Мамлекеттик ишканалар электрондук отчеттуулукка өттү image

4 Фев, 2020 261

Мамлекеттик Мүлктү башкаруу фонду бардык акционердик коомдорду жана мамлекеттик ишканаларды электрондук отчеттуулукка өткөрдү. 

Тактап айтканда, мекеменин жаңы сайты иштелип чыгып, анда мамлекеттик ишканалардын жана акционердик коомдордун финансылык ишмердүүлүгү, кирешелери жана чыгашалары тууралуу толук маалымат чагылдырылууда. 

Ал эми 2020-жылы аталаган мекеме 1261 акционердик коомду инвентаризациялоону пландап жатат.

Бегайым Абдыкадырова, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз