Кыргызстандагы коронавирус

Кытайда эки ымыркай коронавируска кабылды image

7 Фев, 2020 290

- Вирустун айынан Токио Олимпиадасы болбой калуу коркунучунда турат.

- Кытайда эки ымыркайдын коронавируска кабылганы аныкталды.

- Путин адамзат кооптуу чекте турганына төрт нерсе себеп экенин айтты. 


Коронавирус тарап жатканына байланыштуу Токио шаарындагы жайкы Олимпиада оюндарынын өтүшү коркунуч алдында турат. Мындай тынчсыздануусун мелдешти уюштуруу комитетинин башчысы Тосиро Муто билдиргенин The Times басылмасы жазды.

"Коронавирус инфекциясынын жайылышы оюнга кедергисин тийгизчүдөй. Мени бул абдан ойлонтууда. Токионун өкмөтү жана мэриясы менен кызматташканда инфекцияга каршы бардык аракеттерди көрүп жатканыбызга ынанышыбыз керек. Жакынкы убакытта маселе чечилет деп ойлойм",- деген Муто Паралимпиада оюндарынын уюштуруучулары менен жолугушкан учурда.  Жайкы Олимпиада оюндары үстүбүздөгү жылдын 24-июлунан 9-августуна чейин Япониянын борбору Токиодо өтмөкчү. Мелдеште медалдын 339 топтому ойнотулат.


Кытайда эки ымыркайдын коронавируска кабылганы аныкталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.Маалыматка ылайык, биринчи ымыркай 13-январда дени сак абалда төрөлгөн. 22-январда ымыркайдын энесин караган аялдан коронавирус аныкталып, 4 күндөн кийин вирус энеден табылган. Андан 3 күн өткөн соң ымыркай жөтөлүп, кусуп, дене табы көтөрүлүп, 31-январда балдар ооруканасына жаткырылган.Ал эми экинчи ымыркай 2-февралда төрөлгөн. Энеси коронавируска кабылганына байланыштуу ымыркай жарыкка келгенден 30 сааттан кийин дарыгерлер андан анализ алып, коронавирус бар экендигин аныкташкан. Ымыркай тез арада Ухан шаарындагы ооруканага жаткырылган. Дарыгерлер учурда ымыркайга вирус эненин курсагында эле жукканын же төрөлгөндөн кийин жукканын аныкташууда.

"Бул окуя бизди коронавирустун жаңы жол менен жугуусу - энеден балага  түздөн-түз жугуусуна өзгөчө маани берүүбүздү эскертүүдө", - деген Ухан балдар ооруканасынын неонатология бөлүмүнүн башчысы Цзэн Линкун.

 

Бүгүнкү күндө адамзат кайрадан кооптуу чекке жакындады. Бул туурасында Россия президенти Владимир Путин 5-февраль күнү элчилердин ишеним грамоталарын кабыл алуу аземинде билдиргенин "Известия" басылмасы жазды."Буга аймактык чыр-чатактардын көбөйүшү, терроризм жана экстремизмдин күч алышы, курал-жаракты көзөмөлдөө системасынын кыйрашы, глобалдык экономиканын туруксуз абалы себеп", — деди президент.Путин үстүбүздөгү жылы Экинчи дүйнөлүк согуштун аяктаганына 75 жыл толгонун белгилеп, тынчтык идеалдарынын, эркиндиктин жана адилеттүүлүктүн жолун жолдоо согуштан кийинки тынчтыктын негизи болгонун эске салган. Россиянын лидери стратегиялык туруктуулукту чыңдоо жана терроризм көйгөйүн чечүү үчүн Москва Вашингтон менен сүйлөшүүгө даяр экенин билдирди.

Урмат Жээнбеков, “Биринчи радио”

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз