Балдар

Зомбулукка кабылган балдарды коргой турган жаңы стандарт иштелип чыкты image

7 Фев, 2020 1733

Региондорду өнүктүрүү санариптешүү жана балдарды колдоо жылынын алкагында зомбулукка кабылган балдарды коргой турган жаңы стандарт иштелип чыкты! Анда кордукка кабылган балдарды ыкчам аныктап ар тараптан колдоо көрсөтүү жана коопсуздугун камсыздоо чаралары камтылган. Жаңы документти тийиштүү ведомство өкүлдөрү талкуулашып аймактарда жүзөгө ашырууну моюнга алышты.  

Белгилей кетсек, 2019-жылы 200дөн ашык бала ар кандай зордук зомбулукка кабылып, бирок эч жака кайрылган эмес. Ошондуктан мындай окуяларды болтурбоо максатында ыкчам чара көрүлүп балдарды коргой турган стандарт кагаз бетинде калбай иштеш керек дешет эксперттер. 

Бегайым Абдыкадырова, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз