Экономика

25-майда агро-өнөр жай көргөзмө жарменкеси өтөт image

23 Май, 2016 574

Бишкекте 25-майдан 27-майга чейин “Айыл-Агро – 2016” эл аралык агро-өнөр жай көргөзмө жарменкеси өтөт. Быйыл бул  иш чара  төртүнчү ирет  өтүүдө. Аталган  көргөзмө жарменке өткөрүү үчүн Кыргыз өкмөтүнүн алдындагы аянттан жети миң чарачы метр аянт бөлүнөт.

Өтө турган айыл чарба жана өнөр жай  көргөзмөсүнө  дүйнө жүзүнүн  жыйырмадан ашык  өлкөсүнөн  32ден ашык техника чыгарган  фирма, компаниялары катышары күтүлүүдө. Иш чаранын  жүрүшүндө  дыйкан, фермерлер өздөрү  жактырган айыл чарба техникаларын сатып алууга мүмкүндүк түзүлө турганын  айыл чарба жана мелиорация министри Турдуназир Бекбоев белгиледи.  

25-май күнү  кыргыз өкмөтүнүн биринчи вице-премьер министри Мамбеткалый Абылгазыевдин катышуусунда “Кыргыз Республикасынын агрардык тармагынын экспорттук потенциалы жана инвестиция тартуу” темасында улуттук айыл чарба форуму өтө турганына айыл чарба министри Турдуназир Бекбов кошумчалай кетти.

К. Калилов, “Биринчи радио”


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз