Коом

КРда бухгалтердик эсеп эл аралык стандартка жооп бербейт image

23 Май, 2016 407

Өлкө аймагындагы бухгалтердик эсеп эл аралык стандартка жооп бербейт. Анткени, учурдагы бухгалтердик система союз мезгилиндеги калыбында жүргүзүлөт. Ошондуктан бул тармакты дүйнөлүк стандартка өткөрүү зарылдыгы жаралууда. Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Лебединовка айыл өкмөтүндөгү бухгалтердин эсеп отуз пайыз гана эл аралык стандартка жооп бере турганын эсепчи Гүлай Ибраимова ачыктады. Ошондуктан эл аралык же дүйнөлүк стандартка толук өтүү учурдун негизги талабы экенине токтолду. Мамлекеттик башкаруу секторунда каржылык эсеп жүргүзүү  бир катар өзгөртүүлөгө, толуктоого туура келди. Ошентсе да мурунку союздагы  ыкмадан чыга албай жатканыбыз чындык, - дейт каржы министрлигинин бөлүм башчысы Чынара Суранчиева.  Демек республика аймагында эсеп жүргүзүү саясатын эл аралдык  стандартка өткөрүү керектигин билдирди. Каржы министрлиги тарабынан жүргүзүлүп келген бухгалтердик система өзгөртүүгө муктаж. Ошондуктан аны Дүйнөлүк же эл аралык стандартка өткөрүү боюнча жер-жерлерде түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл экенин  адистер белгилешти.

К. Калилов, “Биринчи радио”


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз