Саясат

130 миллион адам күнүмдүк жардамга муктаж image Фото: KTRK/videograp

23 Май, 2016 1027

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн Стамбул шаарына болгон иш сапарынын алкагында биринчи Дүйнөлүк гуманитардык саммитке катышты. Күндүн биринчи жарымында Алмазбек Атамбаев биринчи Дүйнөлүк гуманитардык саммитке катышып жаткан делегация башчылары менен бирге БУУ Башкы катчысы Пан Ги Мундун төрагалыгы алдында өткөн Мамлекет башчыларынын жана Өкмөт башчыларынын жабык отурумуна, андан соң биринчи Дүйнөлүк гуманитардык саммиттин расмий ачылышына катышты. Биринчи Дүйнөлүк гуманитардык саммиттин ишине дүйнөдөгү 50 өлкөнүн президенттери жана өкмөт башчылары катышууда. БУУнун демилгеси алдында өтүп жаткан саммит эл аралык коомчулуктун кризистерге жооп кайтаруу боюнча мамилесин өзгөртүүнү көздөйт.


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз