Кыргызстандагы коронавирус

Трамп: азырынча коронавирус АКШга олуттуу коркунуч жаратпайт image

27 Фев, 2020 232

Шаршемби күнү кечинде АКШнын президенти Дональд Трамп коронавируска арналган атайын брифинг өткөрүп, учурда бул вирус Кошмо Штаттарга олуттуу коркунуч жаратпай турганын билдирди.

Трамптын айтымында, коронавируска каршы күрөшүү боюнча федералдык жана жергиликтүү бийликтин ишин вице-президент Майк Пенс көзөмөлдөйт.

«Биз бардыгына даярбыз. Абалга жараша чараларды көрүп, вирус жайылса бардык зарыл иштерди жасоого даярбыз», — деди Трамп.

Брифингде Ооруну көзөмөлдөө жана алдын алуу боюнча федералдык борбордун директорунун орун басары Энн Шучат өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны көбөйө турганын эскертти.

Трамп демократтар менен ЖМКларды жаңы вирустун кооптуулугу тууралуу «аша чаап жатышат» деп айыптады. Демократтар коронавируска каршы күрөшүү үчүн Трамп сураган 2,5 миллиард доллар жетишсиз экенин айтып, бул сумманы кеминде эки эсеге көбөйтүүнү сунуштап жатышат.

АКШда коронавирус жуктурган 57 адам аныкталган. Алардын 42си карантинге алынган саякат кемесинен эвакуацияланган америкалык жарандар.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз