Кыргызстандагы коронавирус

Умрага барган тажик жарандары Сауд Арабиясына кире албай калышты image

28 Фев, 2020 279

Дубайда умрага барган Тажикстандын 48 жараны Сауд Арабиясына кире албай турушат. 26-февралда бул өлкөнүн бийлиги коронавируска байланыштуу умра сапары менен келгендерди убактылуу киргизбей туруу чечимин кабыл алган.

Тажикстан өкмөтүнө караштуу Дин иштери комитетинин басма сөз катчысы Афшин Муким тажик жарандары Бириккен Араб Эмираттарынын Дубай шаарында Сауд Арабия бийлигинин чечимин күтүп жатышканын ырастады. «Эгер бул өлкөнүн бийлиги алардын кирүүсүнө уруксат берсе, умра амалын аткарып келишет. Болбосо жооптуу компаниялар аларды Тажикстанга алып келишет», — деди Муким.

Азырынча тажик жарандарын кичи ажылыкка жиберген компаниялар бул абал боюнча комментарий бере элек.

Сауд Арабиясынын Тышкы иштер министрлиги 26-февралда тараткан маалыматка ылайык, өкмөт өлкөгө умра сапары менен баргандарды киргизбей турууну чечкен. Мындан тышкары вирус аныкталган өлкөлөрдөн туристтердин келишине да тыюу салынган.

2019-жылы Тажикстандан ажылык сапарга 5 миңге жакын адам барган. Бул жылы умрага барган тажик жарандарынын саны белгисиз.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз