Кыргызстандагы коронавирус

Өлкөдө 919 адам текшерилип, коронавирусту жуктуруп алган учур катталган жок image Фото: KTRK/videograp

28 Фев, 2020 557

Бүгүнкү күнгө чейин өлкөдө коронавируска 919 адам текшерилди. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев маалымат жыйында билдирди. 

Анын айтымында, бардык жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыктары терс чыккан. "Кыргызстандын чек ара аймагында 22 санитардык-карантиндик тилке бар. Ал жерде күнү-түнү эпидемиологдор, жугуштуу ооруларды көзөмөлдөгөн дарыгерлер жана башка медициналык кызматкерлер иш алып барууда", - деди министр. 

Учурда Кыргызстандын аймагында коронавирусту жуктуруп алган учур катталган жок.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз