Саясат

Сеитов: Тартип бузулганы үчүн митингдин уюштуруучулары жооп берет image

3 Март, 2020 197

2-мартта Бишкекте тартип бузулуп, таш ыргытылып, автоунаалар, мекеме ишканалар жабыркады. Бул үчүн түздөн-түз митингдин уюштуруучулары жооп берет. Мындай маалыматты ИИМдин басма сөз катчысы Бакыт Сеитов журналисттерге билдирди.

«Митингде чагым болгону үчүн да алар жооп беришет. Мындан тышкары келтирилген чыгымдардын баарын уюштуруучулар төлөп беришет. Ушул тапта Бишкекте абал туруктуу. Биз ыкчам аракеттерди жүргүзүп жатабыз, чагым кылгандарды аныктап, тактап, тиешелүү чараларды көрөбүз. Түрдүү чагымдар айтылды, Акүйдү басып алабыз, бийликти тартып алабыз деген чакырыктар айтылды. Митингдин катышуучулары аларды башкара албай калышты», — деди Сеитов.


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз