Кыргызстандагы коронавирус

Коронавирустун алдын алуу боюнча республикалык штаб түзүлдү image Фото: KTRK/videograp

6 Март, 2020 469

Коронавирустун жайылышы боюнча кырдаалга байланыштуу тышкы таасирлердин кесепетин азайтуу жана экономикалык өнүгүүнү өбөлгөлөөгө багытталган иш-чараларды жүзөгө ашыруу боюнча республикалык штаб түзүлдү. 

Республикалык штабды экономикалык маселелерге жооп бере турган Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев жетектейт. Кыргыз Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси – министр Самат Кылжыев, ошондой эле экономика министри Санжар Муканбетов штабдын төрагасынын орун басары болуп эсептелет. Бүгүн штабдын биринчи жыйыны болуп, анын алдындагы маанилүү милдеттер жана маселелер белгиленип, каралды. Тармактык мамлекеттик органдарга тышкы таасирлердин кесепеттерин азайтуу жана ата мекендик өндүрүштү өбөлгөлөө боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыгуу жана бекитүү боюнча тапшырмалар берилди. 

Эске салсак, Президент Коопсуздук кеңешинин чакан курамдагы жыйынында Өкмөткө тобокелчиликтер менен көйгөйлөрдү гана эмес, мүмкүнчүлүктөрдү дагы карап, продукцияны сатуу үчүн жаңы багыттар ачылса, кырдаалга ыкчам талдоо жүргүзүү жана ишкерлерге жардам кылуу зарылдыгын айткан. Ошондой эле экономикалык коопсуздуктун тобокелчиликтери менен коркунучтарын, терс кесепеттерди азайтуу үчүн тиешелүү мамлекеттик органдарды натыйжалуу координациялоо максатында республикалык ыкчам штаб түзүү боюнча сунуштама берген.


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз