ММК

Бачабаздарды бычкан туурабы же асканбы? (аудио) image

26 Май, 2016 2248

Бүгүн жарык көрчү Политклиника “Паспорт жаңжалы, уюшкан кылмыштуу иш, буга тиешем жок деген Сарпашев” аталышындагы  баш макала менен баштады. Ошондой эле бүгүнкү сан Шаршенбек Абдыкеримов Лондондогу мунарадан кымбат баалуу квартира алганын, Майамидеги кыргыздар туурасында Талип Ибраимовдун дүйнө салганын, Кыргызстан үчүн жаңылык беговел-веложүгүргүч чыгарыла баштаганы туурасында жазды. Жубайымдын артынан төртүнчү курска чейин чуркагам деген Исках Масалиевдин маегине, Кыргыз алфавитин реформалоо зарылбы деген макалага да орун берди.

Президентке кат рубрикасы бул жолу Балыкчы шаарын өнүктүрүүгө бөлүнгөн 250 миллион сом кумга сиңген суудай дайынсыз коротолуп кетти деген аталышта Балыкчы шаарынын активдери жиберген катты басты. Каттын мазмунунда Ысык-Көл облусунун өнүктүрүү фондунан бөлүнгөн 250 миллион сом дайынсыз коротулуп кеткени, шаарда имараттар салынган менен жергиликтүү башкаруу органдарынын балансына өткөрүлүп берилбегени, айырмдарынын аягына чыкпасында коррупциялык схемалар бар экендиги көрүндү деп жазылат. Ушул эле каттын алдында Жакшы уул-көктөгү жылдыз деген ат менен Балыкчы шаарындагы жеке ишкер Сталбек Молдалиев туурасында анын балыкчылыктар үчүн жасап жаткан кайрымдуулук иштери тууурасында сөз кылат.

Андан ары инвесторлорду коргоо багытында болгон Табалдиев менен Бажиевдин телефондогу сүйлөшүүсүнөн  кынтык издөөнүн кажети жок деген макала буга чейин интернет булактарына мамлекет башчынын кеңешчиси, мурдагы УКМКнын төрагасы Бусурманкул Табалдиев менен россиялык миллиардер жана “Жер үй” алтын кенин иштетүүгө лицензиянын ээси Муса Бажаевдин телефон аркылуу сүйлөшүүсү жазылып алынган аудио жазуу таркап кеткени, айрым оппозиячыл саясатчылар өз кызыкчылыгында айыптап келишкени, телефондогу сүйлөшүүдө эч кандай жеке кызыкчылык  же кимдир бирөөнүн кызыкчылыгы эмес, мамлекеттин инвестициялык климатын сактоо, инвесторлорду коргоо багытында болгонун баяндап келип, убагында Америка дагы Германиянын канцлери Ангела Меркелди телефондогу сүйлөшүүлөрүн тыңшап, бирок эч кандай илинчек таба алышпаганын мисал кылат, мында да мамлекет кызыкчылыгына каршы келе турган эч нерсе таппагандан кийин аны жарыя кылуунун кажети бар беле деген суроону коет.

Казактын маданиятсыз маданият министри кыргыздардан кечирим сурады деп бүгүнкү Политклиника да үн кошту. Акыркы жылдары орногон туруктуулук Кыргызстан үчүн жакшы мүмкүнчүлүктөрдү ачууда деп бул санга көз карандысыз эксперт Чынара Эсенгул маек курду. Биздин мамлекетте маңдай терин төгүп эмгектенген адам эч качан ачка калбайт деген эксперт эл аралык коомчулук, дүйнөдөгү белгилүү басылмалар биздин туристтик тармагыбыз да өнүгүп жатканын билдиргенин белгилейт жана патриот болуш үчүн  сөзсүз эле көчөгө кыйкырып чыга бербестен, ар бир жаран үй бүлөсүн татыктуу камсыздап, жакшы балдарды тарбиялап өстүрсө, бул деле мамлекет үчүн кошкон чоң салым деген пикирин бекемдейт.

Теманы “Кыргызстан туура жолдо баратканын басымдуу мекендештерибиздин баамдап калганы билинди” деген макала улантып, анын соңунда биздин замандын кишилери деген рубрика Москвада же Арбатта  20 жылдан бери сүрөт тарткан Бейшен Тавалдиев туурасындагы макалага орун берген.  Көз жүгүртүп койсоңуз.

“Текебаев үчүн эшикти да тешип кетем” деген тамаша орунда деп депутат Алмамбет Шыкмаматовдун сүрөтүн койуп Азия Ньюс жаңы санын тартуулайт. Бул сандан “Шайлообек Дүйшеев айткандай, тарых- таштанды челек эмес” деген аталышта Кенжебек Арыкбаевдин макаласы алдыңкы  бетте орун алган. Анда автор акыркы кезде Казакстанда болуп жаткан окуялар, жер талашына байланыштуу митингддер, анысы аз келгенсип маданият министринин кыргыз мигранттары туурасында айткан одоно сөздөрү, окуя оордоп кетпесин деген казак  бийлигинин башындагылары буга  Кыргызстанды мисалга тартышы орунсуз деген ойлорун  ортого салган. Салмагың кандай саясатчы деген ай сайын жүргүзүлүп турган рейтингди бүгүнкү сан жарыялады. Анда алдыңкы сапка Роза Отунбаева, Аида Салянова, Өмүрбек Текебаев, Иса Өмуркулов жана Канат Исаев илинген. Азия Ньюс президентке айта турган маанилүү сөзүм бар деген экс-чиновник Бабырбек Жээнбековдун көлөмдүү маегине орун берген.  Атамбаев, Абдраимов, Өмуркулов өңдүү инилерим менен сыймыктанам деген экс-губернатор Тургунбек Кулмурзаевдин да маеги, мен өзүмдү “прогульщик” катары эсептебейм деген депутат Айнуру Алтыбаеванын маеги да бар карап коюңуз.

Андан ары жагымсыз окуялар же 2015-жылы жалпысынан 31 бала өз өмүрүнө кол салса, быйыл үч айдын ичинде эле 31 бала суицидге кабылганын  балдар психологу Перизат Асылбаева айтып берген.  Балдардын өз өмүрүн кыйганынын негизги себептери туурасында мына ушул сандан  окуй аласыздар.

Кезинде Наполеон: Саясат деген алсыздардын утулушу-алдуулардын жеңиши деген экен. А бирок ал императордон айырмаланып, анын мекендеши франциялык белгилүү философ Мабли: Жакшы саясат деген да бар. Андай саясат коомдогу морал менен нраванын өзөгүн түзөт дейт. Дагы бир башка аныктамада: Саясатта калп каратып туруп, чындыктын терисин жамынып алат деп жүрөт. Ал эми саясат деген терминдин башаты  аталган гректерде саясат мамлекеттин өнүгүүсү үчүн эң башкы ролду ойнойт деп айтылат. Негизи эле саясат жана саясатчылар дегениң-бул кадимки эле калейдоскоп сыяктуу неме окшобойбу, улам айткан сайын миң түркүн түскө өзгөрүлүп тугандай деген Азия Ньюс “Саясат жана саясатчылар” деген теманы коюп, ага Феликс Кулов, Өмүрбек Текебаев, Алтынбек Сулайманов, тажик президенти Эмомали Рахмон, азыркы премьер-министр Сооронбай Жээнбеков туурасында кыскача ойлорго орун берген. Ата баркы же дүйнөдөгү хан бийкелер туурасында Алия Назарбаева, Озода Рахмон, Лола Каримова жана Александра менен Евгения Порошенколор туурасында билип алыңыз, бүгүнкү Азия Ньюстан. Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын шалаакы тергөөчүлөрү сөгүш алышканы туурасында да маалымат чыккан.

Сарэсеп гезитине көз жүгүртө коелу, бүгүнкү сан оппозиция өз милдетин аткарбай жатабы,  деген аталышта парламенттеги оппозициялык фракциялар жөнүндө, бачабаздарды бычкан туурабы, же аскан туурабы деген макалага, казак төңкөрүшү кыргыз экономикасына урулчу сокку деген саясий талдоочу Искендер Ормондун айткандарына орун берди.

Таалайгүл Сыдыкбекова, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз