Айыл чарба

Жакын арада фермерлерге жеңилдетилген насыялар бериле баштайт image

11 Март, 2020 2997

Жакын арада «Айыл чарбасын каржылоо-8» долбоорунун алкагында фермерлерге жеңилдетилген насыялар бериле баштайт. Мында 11 айыл чарба продукциясына артыкчылык берилип, айыл чарбасын кайра иштетүү тармагы боюнча алынган насыялардын жылдык үстөгү 6% гана түзөт. 

Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев билдирди. Дыйкандар мындай насыяны эки мамлекеттик жана үч коммерциялык банктан ала алат.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз