Саясат

Өзбекстанда жарнамалар менен жарыялардын орус тилинде жазылганы сынга кабылды image

11 Март, 2020 674

Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов өлкөдөгү коомдук жайларда жарнамалар менен жарыялардын орус тилинде жазылганын сынга алды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар кабарлашты.

9-мартта өткөн видеоселектордук жыйында өкмөт башчы жарнамалардагы каталар жөнүндө айтып, жарыяларда өзбек тили көбүрөөк колдонулушу керектигин айтты.

«Айрым ачыла элек дүкөндөр, ашканалар «Скоро открытие» же «Мы открылись» деп жазып жатышат. Жарнамаларды орус тилинде жазуу борбор шаарда гана эмес, алыскы айылдарда дагы модага айланып жатат. Жарыяны биздин тилде жазсак эч ким түшүнбөй калабы? Же ал дүкөнгө эч ким кирбей коёбу? Мамлекетке, тилге карата патриоттуулук сезим болушу керек», - деди Арипов.

Өкмөт башчы өлкөдөгү негизги керектөөчүлөр өзбек тилдүү экенин эске алып, жарнама-жарыяларды башка тилде жазуу токтотулушу керектигин белгиледи.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Тектеш материалдар