Коргонуу жана коопсуздук

29-майда кыргыз армиясынын күнү белгиленет (аудио) image

27 Май, 2016 1973

29-май Кыргызстанда Куралдуу Күчтөрдүн күнү майрамдалат. Өлкө эгемендик алган 1991-жылдан тарта Кыргызстан дүйнө коомчулугунун толук кандуу мүчөсү катары өз армиясын түзүүгө киришкен. Адегенде коргонуу боюнча Мамлекеттик комитети түзүлгөн. Мамлекет өнүгүүгө карай бет алган сайын кырдаалга жараша армияда кайра түзүлүүлөр болгон.

Азыркы күндө кыргыз армиясында бир катар реформалар орун алууда. Кыргызстандын Куралдуу Күчтөрү бир борбордон – Генералдык штабдан башкарылып калды. Мамлекеттин коргонуу жөндөмүн чыңдоого, Армиянын күч-кубатын арттырууга ар тараптуу аракеттер көрүлүп келет.

Деген менен Аскердеги тартип, жоокерлердин өлүмүнүн кайталанышы сыяктуу жагдайлар кездешүүдө.

Бозулан Ысаков, “Биринчи радио”


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз