ММК

Басма сөз: чагымчыл сайттар көбөйдү (аудио) image

27 Май, 2016 1504

Бүгүн жарык көргөн Кыргыз туусунан баштайлы. КРнын Куралдуу күчтөрүнүн күнү жана чек арачыларды кесиптик майрамы менен куттуктаган өлкө президентинин куттуктоосу толугу менен басылды. Аскер кызматкерлерине жолдонгон куттуктоо “Аскер кызматынын баркы өсүүдө” деген аталышта алгачкы бетинде орун алды.

Андан аркы бетинде Кыргызстан дүйнөлүк ЖМКлар жарыялаган туристтерди тартуу боюнча рейтингде алдыңкы катарда. Ийгиликке ажайып жаратылышыбыз аркылуу жеттик. Бирок бийлик өкүлдөрү туристтик тармакка жетишерлик көңүл бурбай жатат деп өкмөттүн жыйынында белгилеген премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун сөзү менен башталган макаланы “Инвесторго карата бюрократияны жоюу керек” деген аталышта улантып окуй аласыз. Макала күркө ишкана эмес, кыргыз иштетпесе кытай иштетет, сезон ачылсын, бирок жабылбасын деген майда темалар менен бөлүнүп жазылды. Өкмөт лизинг үчүн акча тапканын да Кыргыз туусу жар салды.  Бул макалада бүгүнкү күндө 60 миллион доллардан ашык каражатты техникалардын лизинг программасы үчүн  табылганын, мындай билдирүүнү биринчи вице-премьер министр Мухаметкалый Абулгазиев Айыл-Агро-2016 аталыштагы айыл чарба техникаларынын төртүнчү эл аралык көргөзмөсүнүн ачылышында билдиргени баяндалат.

Туркия сапарынан даярдалган Эрнис Балбаковдун “Качкындарга түркүк болгон Туркия” деген аталышта 23-24-май күндөрү Стамбул шаарында дүйнөнүн 177 өлкөсүнүн катышуусунда БУУнун демилгеси менен өткөн Гуманитардык саммитке катышып келген журналисттин иш күндөлүгүнөн даярдалган макала орун алган. Анда белгилегендей акыркы 70 жылдын ичинде азыркыдай гуманитардык кризис болгон эмес. Мына ушул маселени чечүү үчүн кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев менен бирге башка өлкөлөрдүн президенттери да катышты. Журналисттер согуш апаатынан качкандарды өз көзү менен көрүп, Низип качкындар лагериндеги көргөндөрүн  фото баянга кошуп кагаз бетине түшүргөн. Автордун баяндоосунда Газианептеги качкындар лагерин көрүп, андагы 3миллион качкын үчүн түзүлгөн мыкты шарттар менен таанышып, 3 миллион адам бул бүтүндөй бир мамлекет эмеспи деп,  жашоочулар үчүн  24 саат бою көрсөтүлгөн медициналык кызматты, мектеп, бала бакча, мечит, куран үйрөнүүнү каалагандар үчүн 2 курс, медресе иштеп турганы айтылат. Алардын  өмүрү өтүп кетсе сөөгү өз өлкөсүндө жашырууга да улуксат берилиши чек арага чейин жеткирип берүү шарттары же андай болбосо Туркиянын жеринен жер бөлүнүп берилиши туураыснда майда чүйдөсүнө чейин көрүп келген автордун  миң уккандан бир көргөн артык деп көңүл тыңчыган баяндамасы менен толук бүгүнкү Кыргыз Туусунан тааныша  аласыз.

Бүгүнкү Де-Факто: Арзыбек Кожошев алгылыктуу иштерди аткарууда, Жумагүл Эгембердиева эмнени эрмектеп жүрөт, балыкчылыктардын баасына татыган Сталбек Молдалиев, катуу киришкен Карашов, Ат Башыда мактоого арзыган Кубан Чоробеков, Айбек Саралаев 20 жылдыкта сайрандап жүрөт, жана Орозбек Молдалиев жөн эле кресло жыртып отурабы деген макалаларды окуй аласыздар.

Андан ары Уфа шаарында бешинчи кыргыз-орусиялык аймактык конференция өтөөрү да жар салынат. Кыргызстандын паспортун коендой окшош кылып жасоого мүмкүн эмес деп мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашев маек курган. Де-Фактодон ойго сыйбаган чечимдин оңтоосу деп “Соттордун колу менен чабылган союл... укуруктагы укуктук талаа... наркоздогу Нарынбаевдин иши” деген макаланы, бул темага үндөш Данияр Нарынбаев “Күнөөсүз күнөөлүү болуп соттолгон жаран деген аталыштагы депутат Өмүрбек Текебаевдин маегин окуй аласыз.

Фабула алгачкы бетине бактысынан баш айланып деп, Малабаев эми Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун майкандайбы?-деген теманы койду. Бул аталыш аракет кылып жатып, берекет таптыңызбы деген ыңгайсыз суроолор рубрикасында уланат. Ушул эле рубрикада берилчү суроо Ата-Мекен фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге эми Каныбек Иманалиевге актоочу болосузбу деп, кийинки суроо “жок дегенде Жунданы жөн иштетсеңиз боло”- деп экономика министри Арызбек Кожошевге берилген.  Бүгүнкү санда Америкалык гранттын кезектеги дозасы деген көлөмдүү макала орун алган. Макалада постсоветтик мамлекеттерге караганда сөз эркиндигин деңгээли боюнча Кыргызстан алда канча алдыда тураарын эч ким жокко чыгарып жибербес, рейтингде ушундай белгиленип келсе да оппозициялык көз карашты тутунган журналисттер менен журналистиканын тегерегинде айланчыктап  жүргөн саясатчылар баш кошуп, сөз эркиндиги жана прессаны коргоо деп аталган комитетти түзүшкөнүн сөз эркиндигин өнтөлөп коргоо  муктаждыгы деле чыккан эместиги белгиленет. Иши кылып интернетте, форумдарда ар ким билген намазын окуп жатканына күбө болосуң деген автор азыркы тапта ар ким өз сөзүнө жооп бербей калган, оюна келгенди оттой берүүгө жол ачылган чагым салып, катын ушак таратуу, заказ менен насыя жерден күнөөсүз адамды күнөөлөп, төбөсүнөн ылдый жугунду куюп жиберүүнү кесипке айландырган сөз эркиндиги пайда болгонун танып жиберүү кыйын деп жазат, америкалык гранттын колго тийиши менен ЕАЭС экономикалык интеграциянын бир мүчөсү катары Кыргызстанга жана анын азыркы бийлигине карата информациялык чабуул баштаалары турган иш деп, тизмеге Maalymat.kg, Kyrgyztoday.kg сыяктуу сайттардын киргизилгенине караганда өлкөнүн информациялык мейкиндигинен чагым салуунун, жалаа жабуунун, бир сөз менен ушактологиянын күнү тууй турганын күтсө болот деген баамы айтылат.  

Майда маалыматтарды тизген кабарлардын арасынан  акчаң болсо асман тиреген үйдө жашайсың же Шаршенбек Абдыкеримов жөнүндө, Кыргызстанды кытай каптады деген макаланы, кылмышкерди бошотсоң кызматка көтөрүлөсүң деген депутат Текебаевдин президентке жолдонгон катын, президент Нурсултан Назарбаевдин кызы Женевадан 74 млндон ашык  франк суммасында жер сатып алганы өкмөт ажаткана курууну баштайт  жана Элвира Сариева эмнеге эркелейт дегенди окуй аласыз.

Бириңде мышык ыйларлык, бири көңүл көтөргөн студенттердин жатаканалары туурасында, Хан Манас соода кылган Бээжин базары бизге койнун ачабы деген макаланы, Кумтөрдү биринчи ачкан Күлүйпа апанын арманы туурасында жана  Илим Карыпбековго кимдер душман болууда деген аталыштагы КТРКнын башкы директору Илим Карыпбековдун маегин ошондой эле айылдан деле арбын акча тапса болот деген ишкердин пайдалуу кеңешин окуй аласыз. 

Таалайгүл Сыдыкбекова, “Биринчи радио”


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз