Дүйнө жаңылыктары

Коронавирус: Индонезиянын Суракарта шаарында жарганаттар жок кылынды image Фото: KTRK/videograp

19 Март, 2020 443

Индонезиянын Суракарта шаарынын бийлиги миңдеген жарганаттарды коронавирус тараткан болушу мүмкүн деген шек менен өрттөп жиберишти. Бул тууралуу “Newsflare” порталы жазды. Бардык жаныбарлар базарда соода кылгандардан алынган. Айыл чарбасы департаментинин директорунун милдетин аткаруучу Саид Рамадхондун айтымында, бул иштер жарганат коронавирусун таратуучу болушу мүмкүн деген билдирүүдөн кийин жасалды. 

Суракарта өкмөтү жана Борбордук Яванын жаратылыш байлыктарын коргоо башкармалыгы аталган жаныбарларды жок кылуу чечимин кабыл алган. Бул инфекциянын мындан ары тарап кетпешин алдын алуу максатында жасалды дешти. Аларды капастарга салып, анын сыртын целлофан менен бекем ороп, андан соң комага алып келген затты коё беришкен. 

Жаныбарлардын канчалык деңгээлде эсин жоготкону белгисиз. Бул процедурадан кийин күйүп жаткан отко ыргытышкан. Кошумчалай кетсек, Пекин университетинин окумуштуулары январь айында коронавирус булагы жарганаттар болушу мүмкүн деген жоромолду айтышкан. Андан сырткары, Кытай окумуштуулары жаңы коронавирус жыландар аркылуу тараганын да болжолдогон. Бул жаныбарларды Ухандагы базарда тамак-аш катары сатышкан.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз