Кыргызстандын аймагында 20-марттан тарта Бишкек жана Ош шаарларына жана ал жактан чыккан бардык эл аралык каттамдар токтотулду. Бул туурасында Өкмөттө Коронавирус инфекциясынын өлкө аймагына кирүүсүнүн жана жайылышынын алдын алуу боюнча республикалык штабдын кезектеги жыйынында айтылды.
Маалыматка ылайык, жүк ташуулар жана Москва - Бишкек, Москва - Ош, Новосибирск - Бишкек жүргүнчүлөр каттамдары жумасына бир жолу гана ишке ашырылат. Кыргызстанга учкан бардык каттамдарга жогоруда көрсөтүлгөн убакытка чейин жол берилет. Ошондой эле, тиешелүү органдарга 20-марттан тартып Кыргызстандын эл аралык аэропортторуна келген аба учактардын экипажын тейлөө алгоритминин долбоорун бекитүү тапшырылды. Республикалык штаб бул убактылуу чараларды түшүнүү менен кабыл алууну өтүнөт.