Кыргызстандагы коронавирус

Коронавирус. Оштогу азыркы кырдаал image

20 Март, 2020 464

Коронавирус  катталган Ноокат районунда өзгөчө абал жарыяланып, райондун 35 жерине  блокпосттор орнотулду. Район акиминин маалыматы боюнча, учурда саламаттыкты сактоо кызматкерлери тиешелүү жумуштарды аткарып жатышат жана райондо 700 орун  даярдалган. Ал эми, Ош шаарында, 20-марттан баштап коомдук транспорттор токтотулду. Ошондой эле Сулайман-Тоо, Ош шаарындагы базарлар, облустагы бардык мал базарлар жабылды. Азык түлүккө болгон суроо-талап дагы деле токтой элек. 

Коронавирус аныкталган жарандар Ноокат районунун Жаңы-Ноокат жана Зулпуев айыл өкмөтүнүн тургундары экени аныкталды. Алар азыр дарыгерлердин көзөмөлүндө жана алар кимдер менен байланышта болгону такталды. Коронавирус аныкталган жарандардын жашы 60тан жогору жана алардын үчөө тең аялдар экени жарыяланды.

Алар кичи ажылыктан кайтып келгендер экени айтылды. Алар менен кошо келгендер абсервацияга жаткырылбай, үй көзөмөлүндө болгон. Райондон кичи ажылыкка 160 адам барган. Буга чейин баары дарыгерлердин көзөмөлүндө, үй карантининде болушкан. Баарынан анализ алынып, тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлгөн.

Ноокат районунун акими Давранбек Маматалиев тарабынан райондо карантин киргизилип, өзгөчө абал жарыяланды. Ал эми облустук милициядан билдиришкендей, райондун 35 жерине блокпосттор коюлду. Жарандар өзүнүн айылына башка райондордон келишсе, алар киргизилет, бирок районго себепсиз келе жаткандар киргизилбейт.

Акимдин маалыматы боюнча, учурда саламаттыкты сактоо кызматкерлери тиешелүү жумуштарды аткарып жатышат. Азыр абал салыштырмалуу туруктуу. Абсервациялык 700 орун даярдалды. Ал эми эл азык-түлүк менен толук камсыздалууда жана баалары көзөмөлдөнүп жатат. Ноокатта базарлар иштей берет, бирок баш аламан күркөлөр жабылат. Ошондой эле кырдаалга жараша абал дагы өзгөрүп турушу мүмкүн.

Ал эми, Ош шаарында, 20-марттан баштап коомдук транспорттор токтотулду. Бул тууралуу Ош шаардык мэрисынан билдиришти. Мындан улам, жергиликтүү бийлик тургундарды көчөгө чыкпоого чакырды.

Ошондой эле Сулайман-Тоонун аймагы коронавируска байланыштуу 19-марттан баштап жабылган. Учурда аймакты милиция көзөмөлдөп жатат. Мындан сырткары, эл көп чогула турган бардык аймактар, маданий мекемелер жабылууда.

Ош шаарындагы бир катар базарлар да жабылып жатат. Тактап айтканда, автоунаа жана автоунаа тетиктерин саткан базарлар, кийим-кече базарлары убактылуу ишин токтотту.

Буга чейин Ош облусундагы бардык мал базарлар да жабылган. Облустук милициядан кабарлашкандай, учурда мал базарларда дезинфекция иштери жүргүзүлүп жатат.

Ал эми, Ош шаарындагы мекеме-ишканалар да, зарылчылыгына байланыштуу жумуштарын убактылуу токтото баштады. Ал арада Саламаттыкты сактоо министрлиги өлкөдө коронавируска байланыштуу эпидемиологиялык абал курчуп баратканын жарыялады.

Вице-премьер-министр Акрам Мадумаров Ош облусу менен Ош шаарына өзгөчө абал режимин киргизүүгө негиз жок экенин, 20-мартта, Ноокат районунда журналистстердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Аны менен катар оорудан сактанууга, жергиликтүү тургундарды жагдайды түшүнүү менен кабыл алууга жана атайын буйруктарга баш ийүүгө чакырды.

Учурда жергиликтүү бийлик, ооруканалар дем алышсыз, күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Ал эми той-аштар менен куран окутуулар токтотулду. Мечиттерде жума намаздар окулбай калды.

Ошто азык-түлүккө болгон суроо талап токтой элек. Айрыкча ун сатып алууну көздөгөндөр миңдеп саналууда. Жергиликтүү бийлик мындай тополоңдорду токтотуу үчүн ун жетишээрлик экенин кайра-кайра айтып, түшүндүрүү аракеттерин жасашууда. Бирок жарандар бир жерге көп топтолуп алышып, кооптуу жагдай түзүп жатышкандыктарын түшүнгүлөрү келбей жаткандай болууда. Ун кымбаттаган жок. 1350 сомдон шаардын кичи райондоруна чейин алып барып сатууну пландоодо. Ал эми Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев райондордо да азык-түлүк жетиштүү болоорун айтып, 1 жумада бир жарым миң тоннага жакын ун сатылып кеткенин билдирди.


Асанбек Пазыл, "Биринчи радио", Ош шаары

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз