Кыргызстандагы коронавирус

Билим берүү министрлиги ыкчам жооп кайтаруу планын иштеп чыгууда image

21 Март, 2020 390

Билим берүү жана илим министрлиги учурдагы кырдаалды жана карантиндин узартуу ыктымалдыгын эске алып, ыкчам жооп кайтаруу планын иштеп чыгууда.

Аталган планда көрсөтүлгөн иш-аракеттер алгоритмдери жана механизмдери билим берүүнүн бардык деӊгээлдеринде окуу процессин уюштуруунун, окуу жылын жыйынтыктоонун (сынактар) жана учурдагы кырдаалды эске алып жаӊы окуу жылына даярдык көрүүнүн бардык аспектилерин камтыйт.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз