Коронавирус

Кыргызстанга чет өлкөдөн адамдардын кирүүсүнө убактылуу чектөө киргизилди image

23 Март, 2020 768

COVID-19 коронавирустук инфекциясынын Кыргызстандын аймагына мындан ары жайылышына жол бербөө боюнча Өкмөт тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында 2020-жылдын 17-мартындагы өлкөгө чет элдиктердин кирүүсүнө убактылуу чектөө киргизүү жөнүндө Өкмөттүн буйругуна өзгөртүүлөр киргизилди. Эскерте кетсек, ушул буйрукка ылайык, 2020-жылдын 19-мартынан тартып өлкөгө чет мамлекеттердин жарандарынан жана Кыргызстандын жарандарынын үй-бүлө мүчөлөрү болуп саналган жарандыгы жок адамдардан же Кыргызстанда туруктуу жашап турууга уруксаты бар адамдардан тышкары жарандардын кирүүсүнө убактылуу чектөө киргизилген. 

Өкмөттүн 22-марттагы буйругуна ылайык көрсөтүлгөн категориядагы чет мамлекеттердин жарандарынан жана Кыргызстандын жарандарынын үй-бүлө мүчөлөрү болуп саналган жарандыгы жок адамдарга же өлкөдө туруктуу жашап турууга уруксаты бар адамдарга дагы эпидемиологиялык кырдаал турукташканга чейин өлкөгө кирүүсүнө убактылуу чектөө киргизилди. Өкмөт тарабынан кабыл алынган чектөө чаралары Кыргызстан аймагына COVID-19 коронавирустук инфекциясынын мындан ары жайылышына жол бербөөгө жана өлкө жарандарынын ден соолугун сактоого гана багытталган.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз