Кыргызстандагы коронавирус

Коронавирусту аныктай турган тест-системадан каалоочулардын баары өтө албайт image

23 Март, 2020 372

Коронавирус илдетин аныктай турган тест-системадан каалоочулардын баары эле өтө албайт. Бул тууралуу 23-мартта ооруга каршы туруу боюнча республикалык штаб кабарлады. Штабдын маалыматына караганда, оорунун белгилери (дененин ысышы, кургак жөтөл) жок жана ооругандар менен байланышта болбогон адамдар экспресс-тест тапшыра албайт. 22-мартта Кыргызстан 5000 экспресс-тест сатып алган. 

Алар коронавирустун бар-жогун мурдагыдай 5 саатта эмес, 15-20 мүнөттө аныктайт. Тест-системаларынын көбү Жалал-Абад облусуна жөнөтүлдү. 23-мартка карата Кыргызстанда чет жактан келип, обсервацияга алынгандардын саны 2009 адам. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, үй карантинине 1710 адам алынып турат. Буга чейин 14 күндүк карантинден 1407 адам өттү.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз