Коронавирус

Италияда коронавирустан көз жумгандардын саны кыскарууда image

25 Март, 2020 375

Италияда акыркы эки күндүн бери коронавирустан көз жумгандардын саны кыскарууда. Ошондой эле, вирусту жуктургандардын саны 22% га төмөндөдү. Аталган өлкөнүн бийлиги менен эксперттери буга байланыштуу ишеним артууда. Учурда өлкө боюнча карантиндик чаралар күчүндө. 

Түндүк Ломбардия облусунда тартипти бузгандар үчүн айып пул 5000 еврого чейин көтөрүлгөн. Ошондой эле, аталган аймакта акыркы 24 саттын ичинде коронавирустан каза болгондордун саны 18 пайызга кыскарды. Учурда Италиялык дарыгерлерге эл аралык жардамдар берилүүдө. Ошондой эле, Кытайдын медицина кызматкерлери өз тажрыйбалары менен бөлүшүп жатат.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз