Кыргызстандагы коронавирус

"Сары-Чат" постуна видео камералар орнотулду image

10 Апр, 2020 246

Нарын облусунун Кочкор районундагы "Сары-Чат" санитардык-карантиндик постуна тартипти күчөтүү максатында үч видео байкоо камералары коюлду.

Бир камера адамдарды текшере турган контейнердин ичин, калган эки камера Бишкек-Торугарт унаа жолун эки багытта көзөмөлгө алат.

Бул иш Кочкор райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан уюштурулду. Натыйжада постто турган мамлекеттик кызматкерлердин жоопкерчилиги күчөтүлдү.

Белгилей кетсек, аталган посттогу палаткаларды шамал алып кеткендиктен учурда контейнерлерге алмаштыруу иши жүрүп жатат.

 Элге зарыл болгон азык-түлүк, дары-дармек жана жазгы талаа иштерине керектүү каражаттарды алып өтүүгө тоскоолдук болбойт. Бирок жүйөлүү себепсиз жолдо жүрүүгө чектөө киргизилген.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз