Коронавирус

COVID-19: Өзбекстан Тажикстанга дарыгерлерди жөнөттү image

11 Май, 2020 2189

Өзбекстандын өкмөтү Тажикстанга дарыгерлерди жөнөттү. Алар коронавирус менен ооруган бейтаптарды дарылоого, ооруну алдын алуу иштерине жардам беришет. 

Өзбекстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги кабарлагандай, тажрыйбалуу догдурлар тобунда реаниматолог-анестезиологдор, пульмонологдор, эпидемиолог, инфекционист жана вирусологдор бар. Аларды Ташкенттеги аэропорттон саламаттыкты сактоо министри Алишер Шодмонов узатты.

Ошондой эле президент Шавкат Мирзиёевдин буйругу менен Душанбе шаарына 144 мобилдик медициналык контейнер гуманитардык жардам иретинде жөнөтүлдү.

10-майдагы түшкө чейинки расмий маалыматтарга ылайык, коронавирус Өзбекстанда 2387 адамда табылып, 1846 бейтап айыгып кетти, 10 киши жашоо менен кош айтышты. Тажикстанда 612 кишиден COVID-19 аныкталды, алардын 20сы каза тапты.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз