Коронавирус

Тажикстанда медик-студенттер коронавирус менен күрөшкөн ооруканаларга жөнөтүлүүдө image

12 Май, 2020 2242

Тажикстандын Мамлекеттик медициналык университетинин жетекчилиги окуу жайдын бүтүрүүчүлөрүнүн жана 5-курстун студенттеринин 60% Душанбе ооруканаларына жардам берүүгө жөнөттү.

Университеттин коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Каххор Носир студенттер өз каалоолору менен жөнөтүлгөнүн билдирди:

– Калган 40% – кош бойлуу аялдар же жаш балалуу энелер. Аларды жөнөткөн жокпуз. Ооруканада иштегендер 14 күн бою ошол жерде болот, андан соң дагы 14 күн үй карантинине алынат.

Бул арада айрым студенттер ректорат коронавируска чалдыккан оорулууларды кабыл алган клиникаларга күч менен жөнөтүп жатканын айтышууда.

«Сынак тапшыра албай калган студенттерди 14 күнгө ооруканага жөнөтүшүүдө. Бул учурда алардын сынак тапшырууга мүмкүнчүлүгү болот», – деди атын атагысы келбеген студенттердин бири.

Анын айтымында, 200дөй студент сынак тапшыра албай калган, алардын тизмеси түзүлүп, 8-майдан тартып ооруканаларга жөнөтүлгөн.

Тажикстандын Мамлекеттик медициналык университетинен жылына миңдей дарыгер билим алып чыгат.

Бул арада университеттин студенттери жана бүтүрүүчүлөрү үйлөрдү кыдырып, элге вирус жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышканы да айтылууда.

Бир нече күн мурун Тажикстандын президенти COVID-19 вирусуна чалдыккан оорулууларды дарылаган кызматкерлердин маянасын эки эсеге көбөйтүүнү тапшырган. Ошону менен дарыгерлер 200 доллардай маяна алат.

Расмий маалыматтар боюнча ушул тапта Тажикстан 5 миңдей дарыгерге жана 3 миңдей орто медициналык кызматкерге муктаж.

11-майга карата өлкөдө вирус жуктурган адамдардын жалпы саны 612ге жетти, 20 киши көз жумду.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз