Илим жана билим

Баш калаада мектеп окуучулары үчүн түрдүү иш-чаралар уюштурулууда image

12 Янв, 2016 1597

Мектеп окуучуларынын кышкы каникулун көңүлдү өткөрүү максатында  борбордогу маданий жайлар ар кандай  оюн зоок  программаларды, спектаклдерди, сүрөт көргөзмөлөрү уюштурулууда. Анын алкагында борбордогу  Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде “Музейдеги каникул” аталышындагы программа  башталды. Анда сүрөт көргөзмөлөрү, мастер класс жана балдар үчүн оюндар уюштурулган.

Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде  “Музейдеги каникул” аталышындагы программага  келген балдар   алгач мындагы  сүрөт көргөзмөсү менен таанышышты.  Алар ар бир сүрөткө  маани берип, кызыктырган суроолоруна музей кызматкеринен жооп алып жатышты.

Иш - чарага катышкан № 13 мектепттин  7- классынын  окуучусу  Жасмина Таалайбекова  музейге алгачкы жолу келгенин айтат. Анын пикиринде окуучуларды  мындай жайларга алып келүү алардын дүйнө таанымын кенейтүүдө таасирин тийгизет.

- Мага музей абдан жакты, мында  кызыктуу экен. Музей  башка жайлардан айырмаланып турат, бул биздин  маданиятыбыздын маанилүү бир бөлүгү деп эсептейм.  Эгерде биздин шаарда мындай сүрөт  көргөзмөлөрү, музейлер болбосо анда шаарыбыз руханий жактан жарды болот. Бул  жердеги сүрөттөрдүн баарын көрүп чыктым, ар бирини өзүнчө тарыхы бар.

Бишкек шаарынын тургуну   Лариса Дружинина  эки кызын каникул сайын театр, музейлерге  алып барып турат.  Ал мындай аракет  кыздарынын каникулда жакшы эс алуусуна шарт түзөт  деп эсептейт.

- Кыздарымды бир эле шаар ичиндеги эмес, башка  жактагы музейлерге каникул сайын алып барып турам, кээде жаратылышта эс  алабыз.   Мындай иш-чара  Гапар Айтиев атындагы музейде өтөрүн  укканымдан кийин дароо келдик. Бул жерде уюштурулган иш-чара менин да  кыздарымдын да купулуна толду.   

 “Музейдеги каникул” аталышындагы программа  атайын мектеп окуучулары үчүн уюштурулган. Ага өз калоосу менен келген окуучулар катышууда. Иш-чарада  балдарды сүрөт көргөзмөлөрү  менен тааныштыруу, ар кандай жаныбарларды пластелинден жасоо ыкмаларын үйрөтүү жана    кызыктуу оюндар уюштурулган.

Кышкы каникулдун  бир айга жакын созулгандыгына байланыштуу мектеп окуучуларына түрдүү иш-чаралар уюштурулуп жатат. Бишкек шаардык мэриясынын кабарлаганына караганда, баш калаада  эс алуу  учурунда 19 миң окуучусу ар кандай ийримдерге жана спорт секцияларга катышып жатат.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз