Маданият

Музей кызматкерлеринин айлыгы 80% көбөйдү image

21 Май, 2020 2650

Кыргызстанда мамлекеттик музей кызматкерлеринин эмгек акысы 80% жогорулатылды. Бул тууралуу буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Анда мындай чечим маданият жана искусство мекемелеринде иштеген кызматкерлердин эмгек шартын жакшыртуу максатында кабыл алынганы айтылат. Өкмөттүн маалыматы боюнча музей кызматкерлеринин айлык акысын көбөйтүш үчүн Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин бюджетинде 15 млн. 480 миң сом каралган.

Кыргызстанда 30дан ушуун музей бар. Алар тарыхый, мемориалдык, адабий жана атайын болуп бөлүнөт. Канчасы министрликке караштуу экени жөнүндө расмий маалымат жок.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз